Рефлектор

Википедия дан

Рефлектор (латынча reflecto – тескери багыттайм, чагылдырам) – 1) чагылдыргыч рефлектор – түшкөн электр-магнит (мисалы, жарык) же үн толкундарын дээрлик толук чагылдыруучу бир же бир нече күзгүдөн турган түзүлүштү рефлектордун чагылдыруучу бети – күзгү. Чагылган толкунду чогултуу үчүн рефлектордун бети иймек (сфера, параболоид ж. б.) болууга тийиш. Рефлектор акустика, астрономия, радиотехникада (антенна) жана турмуш-тричиликте колдонулат; 2) астрономияда жарык чыгаруучунун (жылдыздар, планеталар, Күн ж. б.) сүрөттөлүшү башкы иймек күзгү, ошондой эле кошумча иймек жана жалпак күзгүлөр менен алынуучу, чагылтуучу телескоп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]