Рефрактометрия

Википедия дан

Рефрактометрия (латынча refraktus – сынган жана ...метрия) – оптикалык техниканын чөйрөлөрдүн (катуу, суюк, газ) сынуу көрсөткүчүн өлчөөгө арналган бөлүмү. Чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү (п) жана дисперсиясын (D) билүү менен аларга көз каранды башка чоңдуктарды да аныктоого болот. Рефрактометриянын төмөнкүдөй негизги ыкмалары бар: 1) эки чөйрөнүн чек арасындагы жарыктын сынуу бурчун өлчөөчү; 2) жарыктын толук ички чагылуу кубулушуна негизделген; 3) интерференциялык; 4) фотометрдик ыкмалар ж. б. Сынуу бурчу боюнча nди аныктоодо изилденүүчү материалдан сынуу бурчу (а) бар призма жасалат. i1 жана i2 бурчтары барабар болгондой кылып призма бурулат. Натыйжада нурдун кыйшаюусунун минимум бурчу (5) пайда болуп, n төмөнкү формула боюнча аныкталат: [[Image:]])/sin[[Image:]]. Сынуу көрсөткүчүн рефрактометрия. ыкмасы менен аныктоочу курал рефрактометр деп аталат. Рефрактометрия физикалык химияда заттын түзүлүшүн жана курамын аныктоодо колдонулат. Аэро жана гидродинамикалык изилдөөлөрдө катуу заттардын үлгүлөрү жана суюктуктардын бир тектүүлүгү рефрактометрия ыкмалары менен текшерилет. Рефрактометрия оптика өнөр жайында өзгөчө мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]