Рефрактор

Википедия дан
Рефрактор.

Рефрактор – линзалуу объектив менен жабдылган телескоп. Рефрактор визуалдуу, фотографиялык, кээде спектрдик же фотоэлектрдик байкоолордо пайдаланылат. Фотографиялык рефрактордун (астрограф же астрономиялык камера) фокус тегиздигинде фотопластинкалуу кассета орнотулат. Рефрактордун объективи эки линзадан турат: биринчиси (оң) жеңил, сынуу көрсөткүчү аз айнектен (крона), экинчиси (терс) оор айнектен (флинт) даярдалат. Мында рефрактор менен сфералык аберрация жана хроматикалык аберрация жоюлат. Жөнөкөй эки линзалуу рефрактордун объективинде талаанын астигматизми менен ийрилигин түзөтүүгө болбойт, анткени көрүү талаасы көрүү бурчунан ашпайт (градус) 11/ мында D – объективдин диаметри. Астрономиялык байкоо үчүн аны биринчи жолу (1609) Г. Галилей колдонгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]