Рефракция
Көрүнүш
Рефракция – Жердин атмосфера-сында жарык нурларынын сынышынын натыйжасында пайда болот.
Астрономияда кабыл алынган боюнча айтсак, Рефракция горизонттун үстүнөн жарыкты бийиктетет. Рефракция төмөнкү фомула боюнча табылат.: р = z–z′ = h′–h, мында z–чыныгы зениттик аралык, z′–көрүнгөн зениттик аралык, h–чыныгы бийиктик, ал эми h′–көрүнгөн бийиктик. Рефракция абанын температурасына жана атмосфералык басымга көзкаранды. Берилген атмосфералык шартта Рефракция чыныгы деп аталат, ал эми 10°С температурада жана 1013 гПа басымда Рефракция орточо деп аталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0