Рецепторлор

Википедия дан

Рецепторлор — организмдин ички чөйрөсүнүн же сырттан таасир этүүчү дүүлүгүүлөрдү нерв козголуусуна айлантып, аларды борбордук нерв системасына берүүчү сезгич нерв талчаларынын учтары же атайын клеткалар (Анализаторлор).

Түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тышкы чөйрөнүн дүүлүктүргүчтөрүнүн (жарык, ысык, суук жана башкалар) таасирин кабылдоочу рецепторлорду электрорецепторлор дейт. Ички органдардын абалын жана кан, лимфанын химиялык составынын, кан басымынын өзгөрүлүшүн интерорецепторлор кабыл алат.
  • Скелет булчуңдары менен тарамыштарда жайгашкан рецепторлор проприорецепторлор деп аталат; алар булчуңдардын тонусу жөнүндө сигнал берет. Дүүлүктүргүчтүн таасирине жараша рецепторлордун химиялык, температуралык, механикалык жана башкалар түрлөрү бар.
  • Механикалык рецепторлорго кан тамырлардын капталында жайгашкан кан басымынын өзгөрүлүшүнө жооп берүүчү барорецепторлор, дененин мейкиндиктеги абалынын өзгөрүшүн кабылдоочу ички кулактын рецепторлору кирет.
  • Хеморецепторлорго кайсы бир химиялык заттардын таасирине жооп кайтаруучу рецепторлор кирет.
  • Терморецепторлор организмдин ички жана аны курчап турган айлана-чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүн кабылдайт. Фоторецепторлор көздүн торчо кабыгында жайгашып, жарыктын өзгөрүүлөрүн кабылдайт. Түрдүү рецепторлордун функциялары бири-бири менен тыгыз байланышта. Алардын иши борбордук нерв системасынын нерв-гумордук башкаруусунда жөнгө салынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8