Решетник Иван Семёнович

Википедия дан

Решетник Иван Семёнович (10. 10. 1924, азыркы Казакстан, Чымкент областы, Пахта-Арал району, Ново-Троицк кыштагы – 14. 12. 1968, Ставрополь крайы, Лермонтов шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Подполковник (1967). 1943-жылы Түркстан пулемёттук окуу жайын бүтүргөн. 1942-жылы Советтик Армияга Ош областынын Өзгөн районундагы Ленинск (азыркы Куршаб) айылынан чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушка 1943-жылы 1-июндан катышкан. 309-Пирятин аткычтар дивизиясынын 957-аткычтар полкунун 3-аткычтар батальонунун пулемётчулар взводунун командири. 1943-жылы 24-сентябрга караган түнү Решетник өзүнүн взводу менен биринчилерден болуп Монастырск-Шучинка участкасында Днепрден өтүүгө киришкен. Пулемёт менен артиллер. миномёттон катуу ок атууга карабастан, Решетниктин взводу Днепрдин оң жээгине биринчи болуп өтүп, Шучинка жана Балык элдүү пункттарын фашисттик баскынчылардан бошоткон. Днепрден сүзүп өтүүдө, анын оң жээгин ээлөөдө эрдик көрсөткөн. Решетник согуштан кийин Красноярск-9 (1951–53), Навои (Өзбек ССРи, 1957–67) шаарындагы курулуш башкармалыгында кызмат өтөп, запаска чыккан. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Ысмы Ставрополь крайындагы Лермонтов шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]