Мазмунга өтүү

Рианна

Википедия — ачык энциклопедия
Рианна
англ. Rihanna
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

англ. Robyn Rihanna Fenty

Толук ысымы

Робин Рианна Фенти

Туулган датасы

20-февраль 1988-жыл

Автографы

https://www.rihannanow.com
Аудио, фото, видео Викиказынада

Рианна (англ. Rihanna), толук аты Робин Рианна Фенти (англ. Robyn Rihanna Fenty) – Барбадостон чыккан ырчы, актриса жана бизнесвумен. Ал 1988-жылы 20-февралда Барбадостун Бриджтаун шаарында төрөлгөн.

Карьерасын АКШда баштап, дүйнөлүк деңгээлде атактуу болгондуктан көптөр аны америкалык ырчы деп ойлошот. Бирок, Рианна Барбадостун жараны жана ошол өлкөнүн маданияты менен тыгыз байланышкан.

Рианна 1988-жылдын 20-февралында Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлгөн. Атасы Рональд Фенти Барбадостон болуп, ирланддык теги бар, ал эми апасы Моника Түштүк Америкадагы Гайанада төрөлүп-өскөн.

Чыгармачылык жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рианнанын музыкалык таланты мектеп курагында эле байкалган. Ал ар кандай мектептик мелдештерге катышып, "Сулуулук жана талант" сынагынын жеңүүчүсү болгон. Ырчылык карьерасын Нью-Йорктон келген продюсер Эван Роджерс байкап, аны Нью-Йоркко чакырган. 2005-жылы ал Нью-Йоркко келип, музыкалык карьерасын баштаган. Эван менен бирге жаздырган демо-тректердин ичинен "Pon De Replay" аттуу ыры өзгөчө ийгиликке жетишип, аны атактуулукка жетелеген. “Эван жана анын жубайы Карлга абдан ыраазымын. Бул адамдарга жолукпаганымда кыялымда гана ырчы болуп жүр­мөкмүн” дейт бийкеч өз интервьюсунда.

Ошентип, үнү менен келишимдүү келбети төп келген R&B ырчысы аз убакыттын ичинде эле эл алдына суурулуп чыгып, музыка дүйнөсүндө Рианна аттуу ысым пайда болот. Аты чыга баштаганынан көп өтпөй, Рианна бир нече үн жаздыруучу компаниялардын президенти болгон, миллионер рэппер жана белгилүү ырчы Бейонсенин жигити Жей Зи менен жолугушат.

“Жей Зи менен биринчи жолу жолукканымда өңүмдө көрүп жатканыма ишене албай, абдан толкунданганым эсимде”, – деп эскерет ырчы. Жей Зи Рианнанын ырларын угуп көрүп, анын ырчылык жөндөмүнүн жогору экенин байкап, иштешүүгө макул экенин билдирет. Ошол күндөн тартып, Рианна Жей Зи менен иштешип, анын үн жаздыруучу студиясында ырларын жаздыра баштайт. Жей Зи да таланттуу ырчыга колдоо көрсөтүүдөн баш тартпайт.

Рианнанын "SOS" аттуу ыры жарыкка чыгаары менен хит-параддардын алдыңкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан жана күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Бул ыр ошондой эле "Nike"компаниясынын рекламасында колдонулат. Андан көп өтпөй, "Music of the Sun" аттуу альбому жарык көрүп, дүйнө жүзү боюнча миллион нускада сатылат. Бул альбом ырчынын популярдуулугун бир нече тепкичке көтөрөт.

Анын экинчи альбомунан чыккан "If It's Lovin' That You Want" аттуу романтикалык ыры да хитке айланат. Айрыкча, "You Don’t Love Me (No, No, No)" аттуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табат. Ырчынын үнү гана эмес, келишимдүү келбети да көпчүлүктүн көңүлүн бургандыктан, белгилүү компаниялардан рекламалык роликтерге тартылуу сунуштары түшө баштайт.

Рианнанын келбети Бейонскө окшош болгондуктанбы, айтор, өз мекенинде аны “жаңы Бейонс” деп аташат. Ошондой эле, “Жей Зи менен жаңы чыгып келаткан жылдыздын ортосунда өзгөчө мамиле бар, Рианна Бейонстун атаандашы” деген сөздөр да айтылып келген.

Журналисттердин “Жей Зи менен Рианнанын мамилеси жөнүндө эмне айта аласыз?” деген суроосуна, Бейонс жайдары гана “Рианна менен Жей Зинин ортосунда чыгармачылык мамиледен башка эч нерсе байкаганым жок. Анан дагы, Рианна өтө жаш. Ошондуктан, мен аны атаандашым катары эсептебейм” деп жооп берген. Ал эми, Рианна өзү да Бейонсту кумир туткан ырчылардын катарына кошот. Жылдызы жанып турган ырчынын алдыда киноактриса болуу максаты бар, ага белгилүү режиссёрлордон бир нече сунуштар түшүүдө.

Рианна “The Pussycat Dolls” тобунун эң жагымдуу солисткасы Николь Шерзингер менен дуэт жаздырууда. Экөөнүн биргеликте ыр жаздыруусуна күйөрмандарынын суранычы гана эмес, дезодорант чыгаруучу “Secret” компаниясынын чоң суммадагы сунушу да себепкер болгон. Анткени, эки жылдыз дуэтти атайын атыр чыгаруучу компаниянын рекламасы үчүн жаздырышкан. Биринен-бири кем калбаган эки популярдуу ырчынын дуэти Winning Women” деп аталат.

Рианнанын жеке жашоосу медиа тарабынан чоң көңүл бурууну жараткан. Айрыкча, 2009-жылы ырчы Крис Браун менен болгон баш-аягы жок мамилеси жана үй-бүлөлүк зомбулук окуясы таблоиддердин башкы темасына айланган. Кийинчерээк ал канадалык рэппер Дрейк менен мамиле курган.

2021-жылы Рианнанын рэппер A$AP Rocky менен мамиледе экени расмий түрдө тастыкталган. Жубайлар 2022-жылы уулдуу болушкан.

2023-жылы Рианна кайрадан боюнда бар экенин Super Bowl’дун жарым финалдык шоусунда ичи билинип турган абалда ырдап чыкканда ачыкка чыгарган. Кийинчерээк анын өкүлдөрү ырчынын экинчи баласын күтүп жатканын ырасташкан. Ошол эле жылдын август айында Рианна экинчи уулун төрөгөн.

Жаркынай Нусубалиева, www.super.kg

Britannica/Rihanna