Риман сферасы
Көрүнүш
Риман сферасы — Б. Риман киргизген комплекстүү сандар тобунун геометриялык сүрөттөлүшүнүн мүмкүн болгон бир учуру.
Риман сферасын түзүү үчүн комплекс сан тегиздигинин координата башталышына жануучу сфера жүргүзүлөт; мында комплекс тегиздигинин чекиттери сферанын бетине стереографиялык проекция менен чагылдырышат. Ар бир комплекс саны сферанын тиешелүү чекити менен сүрөттөлөт. Бул сфера Риман сферасы делет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.