Риолит

Википедия дан

Риолит (грек. ρεω – агым, лава жана λίθος – таш), липарит – кайнотиптүү кремнезёмго бай (68-77%) эффузия тоо теги. Порфирдик курамында кварц бүртүкчөлөрү, калий талаа шпаттары, плагиоклаз, чанда биотит же пироксен бар. Риолит – гранитоиддердин эффузиялык аналогу. Айнек сымал түрү (бүртүкчөлөрү жогу) обсидиан, пемза, цехштейн. Палеотиптүү аналогдору жегичтердин курамына карай кератофир (натрийлүү), ортофир (калийлүү) болуп бөлүнөт. Тыгыздыгы 2,14-2,59 г/см3. Курулушта кооздоп каптоочу таш катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]