Рио-Де-Жанейро конференциясы (1947)

Википедия дан

Рио-Де-Жанейро конференциясы (1947) - АКШнын демилгеси боюнча чакырылган Америка аралык конференция. 15-августтан 2-сентябрга чейин Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өткөн.

Конференцияда «Өз ара жардамдашуу жөнүндөгү» Америка аралык келишим талкууланып, 2-сентябрда кол коюлган. Ал 1948-жылдын декабрынан күчүнө кирген. Келишимде америкалык мамлекеттердин бирине кол салуу американын бардык мамлекеттерге кол салуу деп эсептелип, алардын ар бири баскынчынын мизин кайтарууга көмөктөшөт деп милдеттендирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.