Рита Ора

Википедия дан

Рита Сахатчу Ора (англ. Rita Sahatçiu Ora, төрөлгөн аты: Рита Сахатчу (англ Rita Sahatçiu); 1990-жылы 26-ноябрь) - британиялык ырчы жана актриса. Рита 2012-жылдын февралында, DJ Fresh менен бирге аткарган британиялык чарттарда эң мыкты болуп табылган "Hot Right Now" сингли менен белгилүүлүккө жеткен. Ора өзүнүн алгачкы альбомун 2012-жылдын августунда жаздырып чыгарган, ал Улуу Британияда эң мыкты альбому болуп табылган. Альбомго Британиянын эң мыкты синглдери кирген, алардын ичинде: "R.I.P." (кырг. "Жаткан жериң жайлуу болсун") жана "How We Do (Party)". 2012-жылы Британиянын синглдердин чартында, башка ырчыларга салыштырмалуу саны боюнча эң көп Оранын синглдери болуп, үч синглы тең чарттын жогорку орундарын ээлеген.

2014-жылдын январында Adidas өзүнүн Adidas Originals фирма белгиси үчүн Ора менен бирге баштаган кызматташтыгын жарыялаган. Ошондой эле, 2014-жылы "I Will Never Let You Down" (кырг. "Мен сени эч качан оңтойсуз абалда калтырбайм") сингли Британиянын эң мыкты синглдери чартында биринчи орунду ээлеген репертуарынын төртүнчү ыры болгон. Ошол эле жылы ал Игги Азалия менен бирге "Black Widow" синглин жарыкка чыгарган, ал Британия жана АКШнын эң мыкты беш синглдердин тизмесине кирген. 2015-жылы Ора The Voice UK телеалпаруунун төртүнчү чыгаруусунда жетекчи болгон, кийинчирээк ошол эле жылы The X Factor телевизиондук шоуда сыноочу катары катышкан.

Оранын 2016-жыл ичинде жаздырылган болочок экинчи студиялык альбомунун чыгуусу 2017-жылдын күзүндө күтүлүп жатат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]