Ритм (лингвистика)

Википедия дан

Ритм (лингвистика) (грек. rhuthmos – иреттүүлүк, бирдейлик) - структура жана текст жа-ратуучу, экспрессивдик-эмоциялык функция аткарган окшош жана бирдей өлчөмдөгү кептик бирдиктердин үзгүлтүксүз кайталануусу.

Кептик Ритм - жаратылыштагы фундаменталдуу мыйзам ченемдүүлүктөрдүн бири. Көркөм тексттин (ыр жана кара сөз түрүндөгү) эстетикалык жактан уюшулушунун негизи болуп эсептелет. Даанараак ыр түрүндөгү тексттерде байкалат.

Ритмдин бирдиктери болуп кара сөздө ритмикалык топ - синтагма, ырда тыбыш, муун, ритмикалык топ, сап, строфа эсептелет. Негизги бирдиги - ритмикалык топ, ал басым түшкөн бир муундан жана анын тегерегиндеги басымсыз муундардан турат. Эки же андан ашык басымдуу муундардан турган татаал ритмикалык топтор да кездешет. Ритмикалык топ ыргактуу кыймыл-аракет аркылуу биригет. Ритмдин жаралышында тилдик бардык каражаттар: тыбыштык, интонациялык, синтаксистик, лексика-семантикалык ж.б. катышат.

Конкреттүү тексттин Ритмнин өзгөчөлүктөрү тексттин жалпы идеясына көзкаранды. Ритмикалык кыймылдар аритмикалык кыймылдардын фонунда жүзөгө ашат. Ырда Р. метрика менен байланышта, бирок аны менен дал келбейт. Кептик Р. толук изилдене элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4