Риторика (лингвистика)
Риторика (лингвистика) (грек. rhetorike - чечендик өнөр, чечендик чеберчилик) – көркөм кепти жаратуунун (уюштуруунун) жолдорун жана ыкмаларын изилдеген филологиялык дисциплина, поэтика, стилистика менен тыгыз карым-катышта.
Риториканын предмети "кооздолгон, шөкөттөлгөн" көркөм кеп жана аны жаратуунун жолдору.
Риториканын тарыхы 2 доорго ажырайт. Анын айрым бөлүмдөрүнө болгон кызыгуу байыркы маданий традицияларда, мис., Байыркы Индия трактат-тарында ритм жөнүндөгү окуу, орун алганына карабастан, Риторика илим катары Байыркы Грецияда калыптанган. Б.з.ч. 5-к. Сиракуздун эки жашоочусу тара-бынан Р. боюнча окуу китеби түзүлгөн. Риториканын теоретиктeри Исократ, Аристотель, Феопомп, галикарнасстык Дионисийдин эмгектеринин натыйжасында Риторика б.з.ч. 3-2-кк. абдан өнүгөт. Б.з.ч. 2-к. ортосунан тартып Римде Цицерон, Квинтилиан сыяктуу чечендер жана Риториканын теоретиктери пайда боло баштайт, Чечендердин практикалык иш-аракеттеринин жана эмпирикалык материалдарды талдоонун натыйжасында (Аристотель
"Риторика", Цицерон "De oratore", "Оrаtоr", "De inventione", "Brutus", Квинтилиан "Institutio оrаtore" ж.б. чечендик өнөрдүн практикалык жыйынтыгын чыгарган жана анын мыйзамдары менен эрежелерин иштеп чыккан өзгөчө илим пайда болот. Ар кыл чечендик адаттардын (манера) катар жашоо доорун басып өтүп, антика доорунун акырында Риторика нормативдик дисциплинага айлана баштайт. Антикалык Риторика төмөнкү бөлүмдөрдөн турган: 1) чечендиктин булактары (жөндөм, табигый шык; чеберчилик; көнүгүү; чечендиктин түрлөрү; чечендиктин милдеттери; кептин элементтери; б.а., материалды системалаштыруу, көп түрдүүлүктү жалпылоо, далилди бөлүп көрсөтүү, логикалык аргументтерди көрсөтүү; 2) материалды жайгаштыруу (dispositio), анын композициясы; 3) сөздүк формада туюндуруу (elocutio) - чечендиктин негизги бөлүгү; 4) эске тутуу (memoria), чечендик эске тутуу жөнүндөгү окуу; 5) айтуу (actio), интонация, мимика, ишарат (жест) жөнүндөгү окуу. Чечендиктин критерийлери - тууралык, айкындык, иреттүүлүк, кооздук, сөздөрдү тандоо.
Риторика орто кылымдарда "тандалган 7 илимдин" катарына кирген. Кайра жаралуу доорунда жана маньеризм, барокко, классицизм агымдарынын учурунда Р-га көп көңүл бөлүнгөн. 17-к. Риторика Россияда да тарала баштаган (Макарий, Феофан Прокопович "De arte rhetorica libri X", М.В.Ломоносов "Риторика"). Практикалык Риторика боюнча эмгектер 19-к. ортосуна чейин жарык көрүп келген. Ошентсе да, 18-к. Риториканын салттуу структурасы менен көркөм прозанын жаңы үлгүлөрүнүн (анын ичинде чечендик өнөрдүн) ортосунда ажырым пайда болот. Риторика поэтика менен жакындашып, стилистиканын ичине сиңе баштайт. Романтизм доорунда Риториканын нормативдик-дидактикалык тенденциялары керектен чыккан, эркин чыгармачылыкка бут тоскон канондор катары, ал эми Риториканын өзү схоластикалык-католиктик дисциплина катары карала баштайт. Илим катары Риторика 19-к. башында абдан төмөндөө, сенектик абалына келген. 20-к. 60-жж. тартып кайрадан активдүү түрдө өнүгүү менен, жаңы илимий-идеялык контекстке ээ болот. Риториканын өнүгүүсүнүн бул мезгили "неориторика" же "жалпы Р." (retorigue gеnеrаle) деп аталган. Жаңы түрдөгү Риториканын калыптанышы, эң алгач, лингвистикалык факторлор менен шартталып, алар аркылуу Риторика семиотикалык дисциплиналардын жана культурологиялык проблемалардын катарына кошулат. Лингвистиканын статусунун толук аныкталышы тилдин поэтикалык функциясын бөлүп көрсөтүүгө шарт түзгөн. Сүйлөмдөн жогору турган бирдиктерди изилдей турган тексттик лингвистиканын жаралышы да Риториканын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.
Тексттин риторикалык структурасы тилдик мыйзамдардан келип чыккандыгына же чыкпастыгына (тилдик эрежелердин фразадан жогору турган бирдиктерге таралышы), тилдик структураны түшүнүү же түшүнбөө менен байланышына карабастан, Риторикада изилденген объектилерде тилдик субстрат чечүүчү ролго ээ экендиги жана тексттин структурасын аныктоодо тилдик айрым элементтердин (М: сүйлөмдүн имманенттик структурасы) мааниси зор экендиги талашсыз. Бул көрүнүштөр тексттин лингвистикалык бүтүндүгүн шарттайт. Прозанын лингвистикалык теориясы фразадан жогору турган бирдиктерди талдоодо лингвистикалык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн, Риторика менен лингвистиканын өз ара байланышын толугураак чагылдырып көрсөтөт. Азыркы семиотикада Риторика катары фразадан жогору турган деңгээлде кепти жаратуунун (уюштуруунун) эрежелери, "поэтикалык семантиканын" мыйзамдары, б.а., кыйыр (өтмө) маанилердин түрлөрү жана "тексттин поэтикасы" каралат.
Риториканын көп функционалдуулугу анын метатилдик аспектидеги лингвистикалык негиздерин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет: Риториканын дескриптивдик аппарат жана нормативдик жөнгө салгыч катары кызмат аткарышы аны "экинчилик" грамматика, метатекст иретинде саноого шарт түзөт. Коммуникативдик формаларды жана кырдаалдарды конструкциялоонун тартибин сыпаттоо жана белгилөө менен, Риторика өзүнө "функционалдык тилди" түзүү милдетин алып, маданияттын тилдик жана коммуникативдик системасын жараткан маанилүү курал катары эсептелет. Тил илими сыяктуу эле Риторика семиотикалык илимдердин катарына кирүү менен, аларга тиешелүү жалпы проблемаларды да изилдейт: вариант жана инвариант, түрлөр жана типтер, жалпы жана жеке, универсалийлер, жалпы негизди издөө жана салыштыруу, чындыкты моделдештирүү ж.б. Тил илиминде эрежеден четтөөлөр жана парадокстор катары каралган көрүнүштөр Риторикада талданып, анын лингвистика менен ажырагыс байланышта экендигинин далили болуп келүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4