Ритуал

Википедия дан

Ритуал (латынча ritualis – ырым-жырым) – коомдук өнүгүү процессине ылайык калыптанган ырым-жырымдын түрү; жүрүм-турумдун тарыхый формасы, аракеттин (анын ичинде сөздүн) тартипке салынган системасы; белгилүү бир социалдык жана маданий карым-катнаштарды чагылдырат. Байыркы диндерде диний мамилелердин башкы жол-жобосу болгон. Ритуал социалдык тарбиянын салтына ылайык калыптанган түрү катары коом тарыхында чоң мааниге ээ. Азыркы коомдо негизинен расмий жүрүм-турумдун жана тиричилик алакаларынын церемонияларында сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]