Ритурнель
Ритурнель (франц. ritournelle -кайтуу) –
- 1. Ырдын, ариянын аспаптык киришүү бөлүмү. Ал куплеттер, бөлүмдөр ортосунда кайталанышы жана аягында аткарылышы мүмкүн.
- 2. Концерттик түзүлүштөгү теманын аталышы.
- 3. Ыкчам мүнөздөгү бөлүм. Ал созулган, жай бөлүмдү толуктап турат.
- 4. Бий музыкасындагы киришүү кайрыгы. Ал чыгарманын жыйынтыктоочу (бүтүрүүчү) бөлүмү катары кызмат аткарышы да ыктымал.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.