Рифей
Көрүнүш
Рифей – КМШ өлкөлөрүндө колдонулуучу стратиграфиялык шкаланын ири бөлүмү (эл аралык стратиграфиялык шкалада Рифей жок); венд комплекси менен бирге үстүнкү протерозойду түзөт. 1650 млн жыл мурда башталып, 600 млн жыл мурда аяктаган. Рифей негизинен начар метаморфизмделген тоо тектерден турат; стамотолиттер жана микрофитолиттерге бай карбонаттык формациялардын комплексинин кенири өнүгүшү мүнөздүү. Астынкы, ортонку жана үстүнкү Рифей болуп бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9