Ричард Гир

Википедия дан

Ричард Тиффани Гир (англ. Richard Gere;/ˈɡɪər/ GEER; 1949-жылы 31-августта туулган) — америкалык актер жана гуманитардык активист. Ал 1970-жылдары актердук чөйрөгө кирип, "Мырза Гудбарды издөө" (англ. Looking for Mr. Goodbar, 1977) тасмасында экинчи пландагы образды жаратып, "Бейиштеги күндөр" (англ. Days of Heaven, 1978) тасмасында башкы ролду аткарган. Ал атактуулукка "Америкалык сойку бала" (англ. American Gigolo, 1980) тасмасы менен жетип, бул аны көрүнүктүү секс символго айланткан. Ал жакшы кабыл алынган көптөгөн тасмаларда, анын ичинде "Офицер жана жентлмен" (англ. An Officer and a Gentleman, 1982), "Коттон клубу" (англ. The Cotton Club, 1984), "Жагымдуу аял" (англ. Pretty Woman, 1990), "Алгачкы турмуштук коркуу" (англ. Primal Fear, 1996), Качып кеткен колукту" (англ. Runaway Bride, 1999), "Мен ал жакта эмесмин" (англ. I'm Not There, 2007), "Арбитраж" (англ. Arbitrage, 2012) жана "Норман: Нүйорктук жөнгө салуучунун орточо өсүшү жана катуу чөгүшү (англ. Norman: The Moderate Rise and Tragic Fall of a New York Fixer, 2016) кинофильмдеринде тартылган. "Чикаго" (англ. Chicago, 2002) тасмасындагы Билли Флинндин образын ачып бергени үчүн ал "Оскар" сыйлыгын утуп алган жана актердук топтун мүчөсү катары "Алтын глобустун" жана АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыктарына татыган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]