Роанок

Википедия дан
Роанок.

Роанок (англ. Roanoke) – АКШнын чыгышындагы дарыя. Узундугу 725 км, алабынын аянты 25 миң км2дей. Башаты Көгүлтүр-Тоо кырка тоосунун батыш капталдарынан (Аппалачи тоо тармагы) башталат. Пидмонт платосу жана Атлантика бою ойдуңу аркылуу агып, Атлантика океанынын Албемарл булуңуна куят. Орточо чыгымы 230 м3/секдай. ГЭС курулган. Төмөнкү агымында кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]