Роберт Шуман

Википедия дан

Шуман Роберт Александер (8. 6. 1810, Цвиккау - 29. 7. 1856, Боннго жакын, Эндених, сөөгү Боннго коюлган) - немец композитору.

Бала кезинен музыкага шыктуу болгон. Педагог жана органист И. Кунчтан таалим алган. 13 жашында пианист катары концерт берген. 1828-ж. Лейпциг университетинде окуп Ф. Вик (фортепиано) менен Г. Дорндан (музыкалык теория) сабак алган. 1843-ж. Лейпдиг консерваториясында окутуучу. 1844-жылданДрезденде, 1850-жылдан Дюссельдорфто жашап, хор коллективдерин, симф. оркестрди жетектеген. Ш. - 19-кылымдагы романтикалык искусствонун эн көрүнүктүу өкүлү. Ал вокалдык циклдерди, оратория, 1 опера(«Геновева», 1848), 4 симфония, кыл аспаптар үчүн квартеттер, фортепиано, хор үчүн чыгармаларды жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4