Робин Райт

Википедия дан

Робин Гейл Райт (англ. Robin Wright;1966-жылы 8-аперлде туулган) - америкалык актриса жана режиссер. Ал "Карточкадан жасалган үй" (англ. House of Cards) телесериалында Клэр Андервуддун ролун аткарып, "Телесериалдагы эң мыкты актриса" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгын 2013-жылы алган. Ал биринчи болуп он лайн режимдеги телесериалдагы ойноп, аталган сыйлыкта утуп алган актриса болуп калды. Райт 2013- 2016-жылдары (ар бир жылы) "Карточкадан жасалган үй" (англ. House of Cards) телесериалына кошкон салымы үчүн "Эмми" сыйлыгынын номинацияларына талапкер болгон.

Актриса "Санта Барбара" (англ. Santa Barbara, 1984-1988) телесериалында Келли Кэпвеллдин образын ачып берүү менен коомчулуктун назарына түшкөн. Андан кийин актриса кинофильмдерге тартылууга өткөн жана "Канбийке колукту" (англ. Princess Bride, 1987) тасмасында ойногон. Ошондон бери актриса кино тармагындагы чыгармачылыгы ийгиликтүү болуп, "Форрест Гамп" (англ. Forrest Gump, 1994), "Бөтөлкөдөгү кат" (англ. Message in a Bottle, 1999), "Моюн сунбаган" (англ. Unbreakable, 2000), "Кутумчу" (англ. The Conspirator, 2010), "Баарын өзгөрткөн адам" (англ. Moneyball, 2011), " Денесинде ажыдаардын сүрөтү бар кыз" (англ. The Girl with the Dragon Tattoo, 2011), "Эверест" (англ. Everest, 2015) жана "Укмуш аял" (англ. Wonder Woman, 2017) тасмаларында роль жараткан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]