Мазмунга өтүү

Робсон Поль

Википедия — ачык энциклопедия

Робсон Поль (9. 4. 1898, Принстон, АКШ - 23. 1. 1976, Филадельфия) - америкалык ырчы (бас), драма актёру, коомдук ишмер.

Кедей негр үй-бүлөсүнөн. Нью-Йорктогу Колумбия унтинин укук факультететин бүткөн. Драма актёру катары эн; көрүнүктүү ролу - Отелло (1930, «Савой» театры, Лондон). 1925-жылдан негр эл ырларын аткарган. 1926-28-ж. Европа өлкөлөрүндө концерт бергенден кийин дүйнөлүк атакка жетишкен. Робсондун үнү - кооз тембрлүү жумшак бас, диапазону кенен.

Репертуарында (20 тилде ырдаган) негр жана амер. эл ырлары, испан жана немец антифаш. ырлары, СССР элдеринин ырлары ж. б. болгон. Кинодо 1933-жылдан тартыла баштаган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү; Москва консерваториясынын ардактуу проф. (1958). Тынчтыктын эл аралык сыйл. (1950), «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» Эл аралык Лениндик сыйл. (1953) лауреаты.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.