Рогожин Михаил Петрович

Википедия дан

Рогожин Михаил Петрович (16.06.1933-жылы туулган, Хакасия, Коммунар району, Балахчин шаарчасы) – инженер-механик, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1988). К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун (КАЧИ) бүтүргөн (1958). 1958-жылдан Ысык-Көл облусундагы «Каракол» асыл-тукум мал өстүрүү чарбасында механик болуп иштеген. 1961-жылдан Чүй облусунун Кант районундагы Кыргызстан зоналык Maшина сыноо станциясынын башкы инженери, 1989–94-жылдары директору болгон. Рогожин эмгектенген чарба дан эгиндеринин, беде уругунун, эт жана сүт даярдоонун планын ашыгы менен аткарган. Жаңы чыгарылган машиналарды сыноодо, чарба өндүрүшүн толук механикалаштырууда Рогожиндин эмгеги зор. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-95) болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Учурда Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында жашайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]