Родари Жанни

Википедия дан

Родари Жанни (23. 10. 1920-ж. т., Оменья – 14-апрель 1980) - итальян балдар жазуучусу.

1944-жылдан Италия компартиясынын мүчөсү. Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Ырлары 1948- жылдан жарыялана баштаган. Поэзияда жагымдуу юмор менен обондуу ыргакты, социалдык сатира менен оптимизмди айкалышта берип, Родари көнүмүш эле майда көрүнүштөрдөн дүйнөнүн татаал жана маанилүү жактарын ачып берүүгө жетишкен. «Чиполлинонун укмуштуу окуялары» (1951; кыргызчасы - 1959), «Телефон аркылуу айтылган жомок» (1962) дегендей повесть-жомоктордун автору.

Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.