Рожер Пенроуз

Википедия дан
Рожер Пенроуз (2005).

Сэр Рожер Пенроуз (англ. Sir Roger Penrose; 1931-жылы 8-август) – англиялык математикалык физик, математик жана философ. Оксфорд университетинин Математика институтунун Рус Болл атындагы математика бөлүмүнүн ардактуу профессору, Уодхэм-колледждин ардактуу мүчөсү.

Окумуштуу математикалык физика жаатындагы жалпы салыштырмалуулук теориясына жана космология илимине салым кошкон эмгектери аркылуу таанымал. Пенроуз бир канча сыйлыктарга ээ, алардын ичине ааламды түшүнүүгө салым кошкону үчүн Стивен Хокинг менен бөлүшкөн физика жаатындагы Вольф сыйлыгы (1988) кирет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пенроуз илимге салым кошкону үчүн көптөгөн сыйлыктарга ыйгарылган. 1972-жылы окумуштуу Королдук коомчулуктун мүчөлүгүнүн илимий мүчөсү болгон. 1975-жылы Ствен Хокинг жана Пенроуз чогуу Королдук астрономия коомчулугунун Эддингтон медалына ээ болгон. 1985-жылы ал Королдук коомчулугунун Королдук медалына ээ болгон. 1988-жылы Стивен Хокинг менен бирге физика жаатындагы Вольф сыйлыгына ээ болгон. 1989-жылы Британиянын физика институтунун Дирак медалына жана сыйлыгына ээ болгон. 1990-жылы Пенроуз Альберт Эйнштейн атындагы коомчулуктун окумуштуунун эмгектери менен байланган көрүнүктүү иштери үчүн Альберт Эйнштейн медалына ээ болгон. 1991-жылы окумуштуу Лондондогу математика коомчулугунун Naylor Prize сыйлыгына ээ болгон. 1992-1995-жылдар арасы ал Жалпы салыштырмалууулук теория жана гравитациянын эл аралык коомчулугунун президенти болгон. 1994-жылы Пенроуз илимге кызмат кылганы үчүн рыцардык наамына сыйланган. Ошол эле жылы окумуштуу Бат университетинин ардактуу доктор окумуштуулук даражасы менен сыйланган. 1998-жылы ал АКШнын улуттук илимий академиясынын чет элдик кесиптеши болуп шайланган. 2000-жылы окумуштууга Order of Merit ордени ыйгарылган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]