Мазмунга өтүү

Роза Аманова

Википедия — ачык энциклопедия
Роза Аманова
Негизги маалымат
Туулган датасы

23 -февраль 1973(1973-02-23) (52 жаш)

Туулган жери

Токтогул шаарчасы, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР,

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы , комузчу, дастанчы, композитор, профессор

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

фольклор, эстрада, кыргыз улуттук музыкалары, дастан

Активдүү жылдары

1995 — азыркы учур.

Сыйлыктары

КР Эмгек сиңирген артисти (1998),

КР Эл артисти (2009),

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2011)

Автографы

[[Файл:|150px]]

Роза Амановаырчы, дастанчы, комузчу. КР Эмгек сиңирген артисти (1998), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2009), Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2011).

Токтогул районунун Токтогул шаарчасында 1973-жылы 23-февралда туулган.

1991-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн.

1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын «Казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө» кафедрасына аспирантурага кабыл алынган.

1999–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын Салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси, 2008-2018-ж.ж Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент, профессор.

2006-жылы Искусство таануу илимдеринин кандидаты, 2017-жылы Искусство таануу илимдеринин доктору.

Ал «Мен сени сагынгым келет», «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо», ж.б. обондордун автору.

«Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан» аттуу эпосторду айткан дастанчы.

Бир нече оозеки адистик музыкага багытталган илимий макалалардын, жети компакт-дисктин (анын ичинен “Курманбек” эпосунун толук айтылышы – 5 компакт-диск) автору.

Аткарылып жүргөн чыгармалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» с. Барпыныкы
  • «Мен сени сагынгым келет» с А.Өмүркановдуку
  • «Ооган ыйы» с. К.Иманалиевдики
  • «Мен да сенин таалайыңа жазылгам» с. Б.Чотурованыкы
  • «Алматыга бараткан кыз» с. Р.Аманованыкы

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]