Роза Таирова

Википедия дан

Таирова Роза Абдулловна (1953-ж.т., Тажикстандын Дүйшөмбү ш.) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992).

  • 1973-ж. Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.
  • 1973-77-ж. Тажикстандын мамлекеттик Ленин ордендүү С. Айни атындагы опера жана балет театрында иштеген.
  • 1977-ж. Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына иштөөгө чакыртылган.

23 жылдын ичинде классикалык «Ак куу көлүнөн» Одетта, Одиллиянын, «Жизелден» Жизелдин, «Уйкудагы сулуудан» принцесса Авроранын, «Дон Кихоттон» Китринин, «Щелкунчиктен» Машанын, «Баядеркадан» Гаизатинин, улуттук балеттерден: «Чол-пондон» Чолпондун, «Саманчы жолунан» Алимандын, «Спартактан» Фригия менен Гинанын, «Корсардан» Медоранын, «Сүйүү сүйүү үчүндөн»кызматчынын ж. б. спектаклдерденбашкы партияларды аткарган.

1983-жылдан Ч. Базарбаев атындагы хореография окуу жайында классикалык бий педагогу болуп иштейт. Анын окуучулары республикалык, эл аралык жаш таланттар конкурстарына такай катышат. Москвада өткөн Бүткүл союздук балетмейстерлердин жана балетартисттеринин конкурсуна Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин негизинде коюлган номер менен катышкан.

Театрдын коллективи менен КМШ өлкөлөрүндө, Кытайда, Оман Султанатында гастролдо болгон.

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» (2000-ж.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.