Розмарин

Википедия дан

Розмарин (Rosmarinus officinalis) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы дайыма жашыл бадал. Эфир майлуу өсүмдүк. Жалбырагынын тегереги сыртын көздөй кайрылган, үстүнкү бети кочкул көк, астыңкы бети агыш боз, узундугу 3–3,5 см, туурасы 2–4 мм. Жалбырагынын астыңкы бетинде эфир майын бөлүп чыгаруучу безчелери бар. Гүлү бутактарынын учуна 5–10дон жайгашкан. Мөмөсү – 4 жылма жаңгакча. Эрте жазда жана күзүндө гүлдөйт. Жапайы түрү Жер ортолук деңиз аймагындагы өлкөлөрдө кездешет, КМШ өлкөлөрүндө Түштүк Крым жана Кавказдын Кара деңиз жээктериндеги ботаникалык бак менен парктарында өстүрүлөт. Розмарин калемчесинен, кээде уругунан көбөйтүлөт. Көчөтү отургузулгандан кийин 2–3 жыл өткөндө, уругу бышкан кезде жалбырагы жыйналат. 1 га жерден 1–3 т кургак жалбырак алынат. Розмариндин эфир майынан дары-дармек жасалат. Майы тунук, түссүз; кескин жыттуу, даамы бир аз ачуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]