Розо

Википедия дан

Розо фр. Roseau) – Доминика мамлекетинин борбору жана анын негизги шаары. Розо дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 19,7 миң (2004). Эл аралык аэропорту бар. Тропика мөмө-жемиштери беленделет. Тамак-аш, текстиль ж. б. өнөр-жай ишканалары иштейт. ЖОЖ, ботан. бакча, музей, католик собору, англикан чиркөөсү ж. б. бар. Шаар 18-кылымдын ортосунда француздар тарабынан Шарлот деген ат менен негизделген. Розо 1763-ж. Улуу Британияга баш ийген. Ал 1781-ж. өрттөн катуу жапа чеккен. 1958–62-жылдары Вест-Индия федерациясынын, 1967-ж. Улуу Британия менен ассоциациялашкан өлкөнүн карамагында болгон. 1978-ж. Доминика көз карандысыздыкка ээ болгондон анын борбору. 1995-ж. Льюис жана Мерилин урагандарынан катуу жабыркаган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]