Розова Евдокия Александровна

Википедия дан

Розова Евдокия Александровна [28. 2(12.3). 1899, Россия империясы Нижний Новгород губерниясы, , Сормов кыштагы – 16. 4. 1971, Фрунзе] – советтик сейсмолог, физика-математика илимдеринин доктору (1950), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги (1954). Ленинград университетин (1929), СССР Илимдер Академиясынын докторантурасын (1943) аяктаган. сейсмологиялык станциялардын жетекчиси (1927–29), СССР Илимдер Академиясында ФМИнин илимий кызматкери (1929–30), Сейсмология институтунун (1935-39), Геофизика институтунун улук илимий кызматкери (1943–52), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Сейсмология бөлүмүнүн башчысы (1952–71) болуп иштеген. Розованын негизги илимий эмгектери Орто Азиянын жер титирөөлөрүн изилдөөгө арналган. 80ден ашуун илимий эмгектин автору. Учурунда Розованын жетекчилиги менен Кыргызстандын сейсмикалык райондоштуруу картасы, Фрунзе, Рыбачье ж. б. шаарлардын, Папан, Киров суу сактагычтары жайгашкан аймактардын сейсмикалык микрорайондоштуруу карталары түзүлгөн. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмг.: Строение земной коры в Средней Азии. М.; Л., 1939; Землетрясения Средней Азии. М.; Л., 1947; Расположение эпицентров землетрясений, происшедших на территории Киргизии (в соавторстве). Ф., 1955; Жер титирөө жана аны изилдөө (авторлош). Ф., 1958.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]