Рокки

Википедия дан

"Рокки" (англ. ) - 1976-жылы тартылган спорттук драма, режиссеру- Жон Г.Эвилдсен, сценарийин жазган жана башкы ролдо Силвестр Сталлоне. Америкалыктардын кыялындагыдай кембагалдыктан байлыкка жеткен, Филадельфиянын жарды райондорунда салык жыйноочу болуп иштеген билимсиз, бирок ак көңүл, эмгекчил Италиялык-Америкалык боксердун окуясын баяндайт. Рокки клубдарда кыска убакытка күрөшкө чыгып баштайт, кийинчерээк дүйнөлүк оор салмактуулардын чемпионатына катышат. Тасмага катышкандар Талия Шир (Адриан), Бурт Йаң (Поли), Бургес Мередит (Роккинин тренери - Мики Голдмилл), Карл Ведерс (Аполло Крид).

Тасманын бюджети 1 миллиондон ашык, 28 күндүн ичинде тартылып бүткөн, укмуштуудай белгилүү жана 225 миллион доллар менен 1976-жылдын эң кирешелүү тасмасына айланган, үч Оскар сыйлыгын алган,эң мыкты тасма наамына татыган. Тасма көптөгөн жылуу пикирлерге татыктуу болгон жана Сталлонеге кино жылдызы атактуулугун алып келген. 2006-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Кино Академиясында , Конгресстин сунушу менен "маданий, тарыхый, эстетикалык маанилүү тасма" катары коргоого алынган. "Рокки"- Американын Кино Академиясынын тарыхындагы, "Ачуулуу Бука" тасмасынан кийинки эң мыкты болуп көрбөгөндөй спорт тасмасы болуп эсептелет. (2008)

Тасманын алты сериясы: Рокки 2 (1979), Рокки3 (1982), Рокки 4 (1985), Рокки 5 (1990), Рокки Балбо (2006) жана Крид (2015). Сталлонне бардык алты сериясында башкы каарманды жараткан, беш сценарийин жазган, төртөөсүнө режиссерлук кылган. ("Рокки 5"-Эвилдсен, "Крид"-Райан Куглер тартышкан).

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]