Рок-музыка

Википедия дан

Рок-музыка - поп-музыканын заманбап бөлүгү. Рок-музыка өзүнүн калыптануусунда «ритм-эндблюз» жана «кантри-энд-вестрн» чыгармачыл багыттарына таянган. Рок-музыка 20-кылымдын 50–60-жылдарында Англия, АКШда калыптанган. Анын өнүгүшүнө «Битлз», «Роллингстоунз», «Лед-Зеппелинг», «Пинк Флойд» сыяктуу ансамблдердин салымы чоң. Бүгүнкү күндө Рок-музыка көп түрдүү чыгармачыл багыттардан турат: белгилүү бир социалдык-маданий кыймылга тийиштүүлүгү (мисалы, «хиппилер» менен байланышкан Рок-музыка, «панк-рок»), муундарга жиктелиши (мисалы, чоңдорго жана өспүрүмдөргө арналган рок ж. б.), динамикалык өзгөчөлүгү (мисалы, «оор рок», «жумшак рок»), техникалык жабдылышы (мисалы, электрондук рок), тигил же бул салттар менен айкалышы («афро-рок», «барокко-рок», «жаз-рок», «фолкрок» ж. б.). Рок-музыка үчүн аткаруучулардын сахнадагы жүрүм-туруму, кийген кийими ж. б. чоң роль ойнойт[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Рок-музыка: жанра жана таанымал трекия өзгөчөлүктөрү