Романдык стиль

Википедия дан

Романдык стильказактан – Европада (негизинен батыш Европада) 10-кылымдан – 12-кылымга (кээ бир жерде 8-кылымга) чейин өкүм сүргөн көркөм стиль. «Романдык стиль» термини 19-кылымдын 20-жылдарында киргизилген. Романдык стиль диний-феодалдык идеологиянын күчтүү таасири менен пайда болгон. Дин турмуштун бардык тармагына үстөмдүк кылгандыктан, чеп тибиндеги монастырлар, чиркөөлөр (Германиядагы Вартбург чеби, Фландриядагы фландрия графтарынын чеби, Испаниядагы Авила шаарындагы чиркөөлөр ж. б.) салынган. Имараттар таш, кыштан тургузулуп, каалга, терезелерге тор орнотулуп, күмбөз, мунаралар курулган. 11-кылымдагы Романдык стилинде живопись басымдуулук кылса, 12-кылымдан тартып рельеф, рококо ыкмалары менен дубал беттерин жасалгалоо, кооздоо күчөйт. Чиркөөлөр кудай кудурети экспрессиялуу көрсөтүлгөн сүрөттөр жана рельефтер менен кооздолгон. Ал эми жомокко айланган сюжеттер, айбанаттардын жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү эл чыгармачылыгынан алынган. Металлды жана жыгачты иштетүү, эмаль, миниатюра ыкмалары өтө өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]