Романтизм

Wikipedia дан

Романтизм (французча  romantisme) – XIX кылымдын 20–30-жылдарында классицизмди алмаштырган Европа көркөм искусство багыты. Р. романтикадан айырмаланат. Эстетикалык көз карашта Р. жана анын көркөм искусствосунда сүрөтчүнүн субъективдүү кыялдануусуна чоң орун берилген жана ал «телегейи тегиз эмес, бардык жагынан төп келишпеген», бизди курчап турган чындыкка карама-каршы коюлган. Романтик-сүрөтчү көпчүлүк учурда турмуштук кубулуштар менен окуяларды так эмес, өзү каалагандай сүрөттөй берет; аны типтүү, мыйзам ченемдүү кубулуштар эмес, сыртынан ачык-айкын көрүнгөн сейрек учуроочу, адаттан тыш таң каларлык нерселер кызыктырат. Р. көркөм искусствосунда бир нерсени сүрөтчүнүн жекече, курч кабыл алуусу жана аны баштан-аяк башынан өткөрүүсү менен фантастикалык мүнөздөгү образдарды сүрөттөө чоң роль ойнойт. Субъективизмдин жолун жолдогон жана башка тарыхый чектелген жактарына карабастан, романтиктердин бир бөлүгүнүн чыгармачылыгы прогрессивдүү болгон жана көркөм искусство өнүгүшүндө алдыңкы кадамдарды жасаган. Реакциячыл Р. менен бирдикте (Германияга мүнөздүү – Новалис, Каульбах) өздөрүн эстетикалык жактан толук ырастаган коомдун прогрессивдүү таптарын бириктирип, келечекке умтулган көтөрүлүшчүл (козголоңчу) Р. да болгон. Ага Франциядагы (прогрессивдүү реализмдин позициялары күчтүү айтылган) революциячыл майда буржуазия, Россияда дворяндардын революциячыл чөйрөсү кирет. Прогрессивдүү реализм ошол доордун реалисттик тенденцияларын чагылдырган жана өзөгүндө реализмдин өзгөчө тарыхый шартталган формасы болуп калган. Жерико, Делакруа, Рюд жана башка прогрессивдүү романтиктер капиталисттик турмуштун түрү суук көрүнүш­төрүнө каршы турушкан жана эркиндикти сүйгөн, ар-намысчыл адам-каармандын идеалы үчүн туруктуу күрөшүшкөн, бирок алар бул идеалды ишке ашыруучу жолдорду көрө алышкан эмес. Мына ушундан – Р-дин көп образдарынын эки беттүүлүгү, романтикалык чыгармалардагы каармандардын көпчүлүгүнүн трагедиялуулугу келип чыккан. Прогрессивдүү романтизмдин жетишкендиктери көп жана абдан маанилүү. Ал көркөм искусствону абстракттуу классицизмдик догмалардан жана антик темалары менен сюжеттеринин кысым көрсөтүүчү таасиринен арылткан. Романтиктер жандуу турмушка жана улуттук өткөн мезгилге кайрылышкан. Р-дин маанилүү оң жактарына анын фольклор образдарына кайрылуусу кирген. Алар живопистик жана скульптуралык образдарга өзүнө тез тартып алган, жандуу, өтө берилген сезимдерди, күчтүү динамиканы алып келишкен. Алар көптөгөн жанрларды өнүктүрүшкөн, көркөм сүрөт искусствосунда кээ бир жаңы жанрдык түрлөрдү жаратышкан (мисалы, портрет-шарж, сатиралык гротеск, «ориенталь», башкача айтканда Чыгыш өлкөлөрүнүн экзотикалык турмушун чагылдырган жанр жана башкалар). Романтиктер көркөм искусствонун таанып билүүчү жана тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтишкен, анын көркөм жана техникалык каражаттарын өнүктүрүшкөн. Көркөм искусствонун эмоционалдык көркөмдүүлүгүнө көп көңүл буруу менен романтиктер композиция жаатында чагылдыруу түшүнүгүнө жана колоритке көптөгөн жаңылыктарды киргизишкен. Алар живопистин көркөм каражаттарынын биринчи катарына кайрадан түстү чыгарышкан, өткөн замандын улуу колористтеринин традицияларын (айрыкча Рубенс менен Веласкестин) бийик көтөрүп чыгышкан. Орус көркөм искусствосунда улуттук тарыхый процесс эрте эле сын реализмдин калыптанышына шарт түзгөн, ошондуктан өз алдынча, ири багытка өсүп чыккан эмес, бирок А. Орловский, О. Кипренский, И. Айвазовский сыяктуу сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгында көрүнүктүү роль ойногон. Р-дин кээ бир өзүнчө оң жактарын социалдык Р. өзүнө мурас кылып алып калган, бирок жалпысынан эски типтеги Р-ден чечкиндүү кол үзгөн, себеби ал субъективизм менен тыгыз байланышта болгон жана сүрөтчүнүн турмуштук чындыкка бир жактуу, туура эмес мамилесин колдогон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]