Рослова Александра Егоровна

Википедия дан

Рослова Александра Егоровна (5.8.1926, Россия, Кемеров облусу, Белов району, Старые Пестери айылы) – Социалисттик Эмгектин Баатыры (1977), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген куруучусу (1976). Эмгек жолун 1941-ж. Кемероводогу «Сигнал» шахтасында иштеп - өнөр-жай б.) баштаган. 1960–67-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы №2 курулуш-монтаждоо башкармасында сырдоочу, 1968- жылдан бригадир болуп эмгектенген. Анын бригадасы планды дайыма 140- 150% аткарган. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]