Роспись

Википедия дан

Роспись – монументалдык-жасалга живописи тармагында мозаика менен паннодон башка бардык архитектура менен байланыштуу живопистик чыгармаларды өз ичине камтыган термин. Тикелей дубалдын үстүндө, төбөсүндө, шыпта, таянычта жана башка шыбактын же ага чапталган кездеменин үстүндө тартылган сюжеттик-тематикалык, таза жасалгалык, орнаменттик композициялар Р. деп аталат. фреска бул жерде майлуу живописке байланыштуу колдонулат, ал эми живопистик техника бул сөздүн өз маанисинде трафарет техникасы менен бирдикте колдонулат. Кээде Р. так эмес мааниде – монументалдык живопистин бардык чыгармаларын, алардын ичинде мозаика менен паннону да өз ичине камтыйт. Р. – жасалга-көркөм искусствосунда – предметтерге кыл калем же аны алмаштыруучу аспап (мисалы, аэрограф) менен тартылган сюжеттик жана орнаменттик сүрөттөр. Адатта Р. процесси ошол тартылып жаткан предметтердин өндүрүшү менен тыгыз байланышта болот жана кээ бир учурда гана өз алдынча көркөм тармак болуп бөлүнүп кетет (мисалы, кездемеде тартылган сүрөттөр). Өзүнүн боёкторунун курамы, аларды бекемдөө техникасы боюнча Р. өндүрүштүн ар кыл тармактарында ар башка. Р. кээде көркөм сүрөт же орнаменттик жасалгалоо менен бирдикте буюмду сырдап боёону түшүн­дүрөт (мисалы, эл чыгармачылыгында оюнчуктарды сырдоодо колдонулат). Байыркы орус көркөм искусствосунда икона менен фресканын үстүндө иштөөнүн баштапкы баскычында живописчи тарабынан аткарылган бардык линиялык сүрөттөөлөрдүн сырткы контурларынын чегинде сүрөттөлүшү Р. деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]