Росселлини Роберто
Көрүнүш
Росселлини Роберто (италиянча Roberto Rossellini; 8. 5. 1906, Италия, Рим – 3. 6. 1977, ошол эле жер) – италян кинорежиссёру. Неореализм өкүлү. 1934-жылдан кинодо иштеген. Ф. Де Робертис менен бирге «Ак корабль» (1941), «Учкуч кайтып келет», «Крестчен адам » (экөө тең 1942) фильмдери неореализм багытынын манифести болуп калган. «Рим ачык шаар» (1945), фашистке каршы «Пайза» (1946), «Европа 51» (1951), «Эркиндик кайда» (1952), демократиялык кыймылдын таасиринде «Индия 1958» (1958), «Генерал Делла Ровере» (1959), «Римде түн болчу» (1960) фильмдерин койгон. 1960-жылдары тарыхый телефильмдерди («Людовик Х1Унүн бийликке келиши, 1966) тарткан. 1975-ж. «Италия биринчи жыл» көркөм фильмин жараткан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9