Росс деңизи
Көрүнүш
| Росс деңизи | |
| англ. Ross Sea | |
| Росс деңизинин картасы | |
| Координаттар: 77° ю. ш. 176° з. д.HGЯO | |
|---|---|
| Мүнөздөмөлөрү | |
| Аянты |
439 000 км² |
| Эң терең жери |
2972 м |
| Туздуулугу |
33-34 ‰ |
| Максималдуу температурасы |
0 °С |
| Минималдуу температурасы |
-1.8 °С |
| Океан | |
Росс деңизи | |


Росс деңизи (Ross Sea) – Тынч океанынын четки деңизи. Батыш Антарктиданын жээгинде Адэр жана Колбек тумшуктарынын аралыгында. Аянты 440 миң км2. Эң терең жери 2972 м. Деңиздин түштүк бөлүгүн Росс шельф муздугу Kan-Tan жатат, түндүгүн жыл бою калкыма муздар ээлейт; айсбергдер көп. Жылдык орточо температурасы суунун үстүнкү бетинде -1°С, жайкысын кээде 2°Ска чейин көтөрүлөт. Туздуулугу 33,75-34,4%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 1 мге чейин) Росс, Уэдделл түлөнү, краб жегич түлөн, кит мекендейт. Англиялык уюл изилдөөчү Ж. К. Росстун ысымынан аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9