Ротордук кыймылдаткыч

Википедия дан

Ротордук кыймылдаткыч - корпуска карата айланма же айланма артка жылма ротордун жардамы менен күйүүчү газдын энергиясын механикалык энергияга айландыруучу ичинен күймө кыймылдаткыч.

Ротордук кыймылдаткычтын иштей турган үлгүсүн куруу 1799-ж. башталып, практикада жарактуу кыймылдаткыч 1957-ж. гана пайда болду. Иштөө процессинде ротор менен корпустун беттеринин арасындагы көңдөйчөнүн көлөмү мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат, б. а. жумуш аткаргыч нерсенин кысылуу, коңейүү циклдери үзгүлтүксүз кайталанат. Поршендүү ичинен күймө кыймылдаткычтарда жумуш аткарылуучу процесстер (эки жана төрт тактылуу) Ротордук кыймылдаткыч болуп өтөт.

Азыркы Ротордук кыймылдаткычтар жумуш аткаргыч бир, эки жана үч секциядан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.