Руан

Википедия дан
Руан.

РуанФранциянын түндүгүндөгү шаар. Сена департаментинин административдик борбору. Калкы 115,6 миң (2010). Порт. Текстиль, тамак-аш, кагаз, химиялык, нефть ажыратуу, машина куруу өнөр-жай ишканалары иштейт. Асем искусство жана карапа, антика ж. б. музейлер бар. Готика стилиндеги Нотр-Дам собору (12–16-кылымдын башы), Сен-Маклу чиркөөсү (15-кылым) сакталган. Нормандия герцогдугунун 10–13-кылымдардагы борбору болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]