Рубинштейн Николай Григорьевич

Википедия дан

Рубинштейн Николай Григорьевич [2 (14). 6. 1835, Россия империясы, Москва – 11 (23). 3. 1881, Париж, сөөгү Москвага коюлган] – орус пианисти, дирижёр, музыкалык коомдук ишмер. А. Г. Рубинштейндин иниси. Орус музыкалык коомунун Москва бөлүмүн (1860) жана Москва консерваториясын уюштуруучу (1866; анын профессору жана директору). 19- кылымдагы мыкты пианисттердин жана дирижёрлордун бири. Фортепьяно үчүн пьесалардын, романстардын ж. б. чыгармалардын автору. П. Чайковский «Улуу артисттин эстелигине» фортепьянолук триосун арнаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]