Руднев, Лев Владимирович

Википедия дан

Руднев Лев Владимирович (1(13). 3. 1885, Новгород - 19. 11. 1956, Москва) - советтик архитектор.

Петербург САны (Л. Н. Бенуадан таалим алган) бүткөн (1915). Ленинград САнын (1922-48), Москва архитектура институтунун проф. (1948-52). Көбүнчө ири монументтүү имараттарды салган: М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясынын имараты (1937); маршал Шапошников көчөсундөгу (1934-38) жана Москванын Фрунзе жээгиндеги админ, имарат (1938-55, үчөө тең арх. В. О. Мунц менен бирге), Москвадагы Ленин тоосундагы университет комплекси (арх. С. Е. Чернышёв, П. В. Абросимов, А. Ф. Хряков ж. б. менен бирге; 1949- 53, долбоору үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алган, 1949). Үч орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.