Рудов Михаил Александрович

Википедия дан

Рудов Михаил Александрович - сынчы, адабиятчы.

Рудов Михаил Александрович Смоленск облусундагы Рудня шаарында 1929-жылдын 19-июнда туулган.
1950-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогика институтун,
1953-жылы аспирантураны бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты.
1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, орус адабиятынын тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы, Славян таануу регионалдык ИИИнин директору, адабият тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келет, Kыргыз-Россия Славян университетинин профессору, Педагогикалык жана социалдык Илимдер академиясынын Академиги (Москва).
Негизги эмгектери орус жана кыргыз адабиятына, адабияттардын улуттар аралык байланыштарына арналган. 1967-жылы анын Д.М.Фурмановдун Жети-Суудагы ишмердүүлүгүнө арналган биринчи китеби «Уполномоченный партии» деген ат менен, 1970-жылы адабий-сын макалаларынын жыйнагы «Звенья открытий» деген ат менен чыккан.
Ал кыргыз мектептеринин 10-класстары үчүн «Русская Советская литература» китебинин авторлошу. Кыргыз жазуучуларынын орус тилинде чыккан «Горные родники. Рассказы киргизских писателей», «Киргизские повести» (1982-ж.), «Песни небесных гор» (1987-ж.) аттуу чыгармалар жыйнактарынын түзүүчүсү жана баш сөздөрүнүн автору. Ал тарабынан К.Тыныстанов, Е.Д.Поливанов, жана «Манас» эпосу жөнүндө олуттуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана макалалар жазылган.
Токтогул Сатылгановдун, Касым Тыныстановдун, Калыгулдун чыгармаларын орус тилине которгон.
1971-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими (1979-ж.)

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Уполномоченный партии: О деятельности Д.Фурманова в Семиречье. - Ф.: Мектеп, 1967. - 59 с.

Звенья открытий: Литературно-критические статьи. – Ф.: Кыргызстан, 1970. - 173 с.

Жанр басни в русской литературе: Историография: Тематика семинарских занятий. - Ф.: Мектеп, 1974. - 212 с.

Ленив в киргизской поэзии. - Ф.: Кыргызстан, 1984. - 144 с.

Манас.Семетей.Сейтек: Киргизский героический эпос. Краткое изложение в прозе на русском языке. - Б., 1995. (С.Мусаев, А.Орусбаева, М.Рудов).

Пушкиниана в Кыргызстане. /Сост. Рудов М.А. - Б.: 1999. - 135 с.