Румб

Википедия дан

Румб (англисче rhumb – чыгуу; грекче rhombos – чимирик, айланып жүрүүчү кыймыл) – дүйнө жактарына салыштырмалуу көзгө көрүнгөн горизонттогу чекитти көздөй кеткен багыт же ошондой эки багыттын ортосундагы бурч. Румб негизинен навигацияда колдонулат. Анда горизонт айланасы адатта 32ге (деңиз навигациясында) жана 16га (метеорологияда) бөлүнөт. Геодезияда Румб меридиандардын ортосундагы бурч менен белгилүү багыттын ортосунан эки жакты көздөй 0°тан 90°ка чейин эсептелет. Түндүк, чыгыш, батыш, түштүк багыттары башкы Румб деп аталып, дүйнө бөлүктөрүнүн башкы тамгалары менен белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]