Руми Жалаледдин Мохаммед

Википедия дан

Руми Жалаледдин Мохаммед (түркчө Mevlânâ Celâleddin Mehmed Rumi; 30. 9. 1207, Хорезм мамлекети, Балх – 17. 12. 1273, Кония султанаты, Кония) – фарси тилдүү акын, суффизм агымынын өкүлү, 13-кылымдагы улуу философ, агартуучу. 1212-жылдан Нишапурада, Багдадда, Дамаскта, Алепподо жашап, медреседен билим алган. 1220-ж. Руми Коньяга келип, ал жерде лирикалык диван жана бир катар суфисттик-философиялык трактаттарды жазган. Кийин суфист, дервиш Шемс Тербиздин шакирти болгон кезде өзүнүн алгачкы бир катар казалдарын анын аты менен жарыялаган. Руминин өмүрүнүн акыркы жылдарында түзгөн суфизмдин негизги жоболорун чечмелеген «Месневи-и манави» поэмасы ага чоң атак алып келген. Руми өзүнүн теориялык жоболорун Чыгыш элдеринин фольклорундагы үгүт-насыяттар менен чагылдыргандыктан, поэма окуучуларга жеңил жеткен. Руми чыгармачылыгында диний көз карашты, сүйүүнү даңктаган. Курандын аяттарын поэзиянын тилине салган ырлары Чыгыш адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген. 16–19- кылымдардагы Орто Азия элдеринин, анын ичинде кыргыз оозеки адабиятынын өнүгүшүнө да өз үлүшүн кошкон. ЮНЕСКОнун чечими менен 2007-ж. Руминин 800 жылдыгы дүйнөлүк деңгээлде белгиленген. Ал түрк дүйнөсүндө Мевлана («Биздин жол башчы») деген ат менен кенири белгилүү. Ал негиздеген «Дервиштердин ааламды айланткан бийи» Түркияда кеңири белгилүү. Жыл сайын 10–17-декабрда ушундай аталыштагы фестиваль Конья шаарында өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]