Рухтун феноменологиясы

Википедия дан

«Духтун феноменологиясы» - Гегелдин эң биринчи көрүнүктүү чыгармасы 1807-жылы Йенде жарыяланган. «Духтун феноменологиясында», Маркстын сөзү менен айтканда, гегелдик философиянын чыныгы булагы жана сыры камтылып турат. Бул чыгармада диалектиканын келип чыгышы көрсөтүлөт жана ошондой эле абсолюттук идеализмдин принциптери ачылат, бул принцип боюнча дүйнөгө дүйнөлүк акыл-эс, абсолюттук идея үстөмдүк кылып турат, абсолюттук идея өзүнүн ургалдуу өнүгүшүндө бизди курчап турган дүйнөнү жаратат. «Духтун феноменологиясында» Гегель аң-сезимдин бүткүл басып өткөн жолун тарыхый түрдө карап чыгып, тарыхый көз караш принцибин колдонот жана аң-сезимдин коомдун жаратылышы жөнүндө түшүнүк берет, аң-сезимдин калыптанышында эмгектин ролу жөнүндө айтат. Ал ар түрдүү формада көрүнө турган аң-сезимдин өнүгүшүнүн тарыхый зарылдыгын көрсөтөт. Бирок абсолюттук билим баскычында аң-сезимдин өнүгүшү токтойт. «Духтун феноменологиясында» Гегель философия үчүн маанилүү категория болгон ажыратуу (отчуждение) категориясын карайт, муну ал ар түрдүү маанилер, бирок бири-бири менен байланышта болгон маанилер катарында түшүнөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine