Рынок

Википедия дан

Рынок – 1) товар сатуучулар менен алуучулардын ортосунда соода бүтүмү өткөрүлө турган орун; 2) товар жана кызмат көрсөтүү алмашууга байланышкан экономикалык мамилелердин жыйындысы. Мунун натыйжасында суроо-талап, сунуш жана баа калыптанат. Рынок структурасы көп кырдуу. Сатылуучу товардын түрүнө жараша ал – сырье, материал, баалуу зат, өндүрүштө күндөлүк керектелүүчү товар, тейлөө, маалымат жана акыл эмгек, инновация, капитал, валюта, баалуу кагаз, эмгек, жумушчу орун жана жумуш күчү боюнча Рынокторго бөлүнөт. Ээлеген аймактык масштабы боюнча: дүйнөлүк, зоналык, региондук, өлкөлөр Рынокторуна, ал эми ар бир өлкөдө – ички жана тышкы Рынокко бөлүнөт. Конкуренциянын деңгээлине жараша жогорку конкуренцияга (эркин) туруштук берүүчү монополиялык, олигархиялык монополия жабык, ошондой эле жашыруун (көмүскө) Рынокко бөлүнөт. Баалуу кагаз Рыногу биринчилик жана экинчилик деп бөлүнүп, анда баалуу кагаздар кымбаттатып сатылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]