Рысалиев Кулан
Рысалиев Кулан (20. 4. 1929, азыркы Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык кыштагы – 18. 5. 1975, Фрунзе) – кыргыз совет адабиятчысы, филология илимдеринин доктору (1965), профессор (1968). Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн (1950). 1950–54-жылдары СССР Илимдер Академиясынын аспиранты, 1954–55-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил, адабият институтунда илимий кызматкер, 1955–59-жылдары Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунда, 1959–70-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинде, 1970–75-жылдары Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогика институтунда иштеген. Рысалиевдин поэтикалык котормо, кыргыз ыр түзүлүшүнө, адабият теориясына байланыштуу эмгектери бар. Чыг.: Кыргыз ырларынын түзүлүшү. Ф., 1969; Оригинал жана котормо. «Ала-Тоо», 1956, № 9.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9