Рысалиев Өкөнаалы

Википедия дан

Рысалиев Өкөнаалы Жыгаччы-сүрөтчү. 1935-ж. Кара-Буура районундагы Бейшеке айылында төрөлгөн.

Бишкек шаарындагы сүрөтчүлөр окуу жайынан билим алган. Отуз жылдан ашуун чарбада сүрөтчү-жасалгалоочу, мектепте сүрөт мугалими болуп эмгектенген. Кийин жыгаччылыкка биротоло өткөн. Жергиликтүү карагайдын, талдын, теректин, кайындын жекече касиеттерин таасын туйган чебер «ак жыгаччы», «кызыл жыгаччы» аталат да, жыгач буюмдарынын эмеректерин түгөл кармайт. Аларды иштетүүдө жаңычылдык касиетке эгедер. Уюштурган чакан өнөрканасы да бар. Ээр чабууда Кайнар тоосунун бака терегин кыйып келип, алма, өрүк, жаңгак арасыңдагы көлөкөдө кургатат. Кургаган жердик өзү жарака бергенде, ошол нук боюнча бөлүп, кыштата чабат. Уста калак баш (кокон ээри), куш баш ээрлердин үлгүлөрүн сыйда келтирип, аларга түстүү металлдарды чаап, зер оюм-чийимин түшүрөт. Ага кардарлар алыстан келишет. Өрүктөн комуз чаап, ага жыгач оюмдарын берет. Тал-теректен жараткан кырма идиштери жана бөбөктөр бешигинин формалары салттуулукту баамдатат. Чебердин өнөрканасынан Нуркан, Мукан, Нурин өңдүү үйрөнчүктөр өсүп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0