Мазмунга өтүү

Рысбаев Сулайман

Википедия дан

Рысбаев Сулайман - балдар жазуучусу жана педагог. Ош шаарында 1956-жылы туулган. 1973-жылы Токтогул районундагы «Бирлик» орто мектебин аяктап, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1987-жылга чейин Аламүдүн жана Токтогул райондорунун айылдык мектептеринде кыргыз тили, адабияты мугалими болуп иштеген. 1987-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер, 1989-жылдан тартып сектор башчысы, 1992-жылдан тартып кыргыз тили, адабияты бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе атат.

1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, 2000-жылы доцент, 2005-жылдан тартып кыргыз тили, адабияты кафедрасында профессордун милдетин аткаруучу, 2006-жылы педагогика илимдеринин доктору илимий даражасын коргогон.

1992-жылдан бери анын авторлугунда жазылган 9 окуу китеби мектепте негизги окуу китеп катары окутулуп, аңгеме-жомоктордон турган 9 көркөм жыйнагы балдар бакчасынын окуу куралына, класстан тышкаркы окуу китебине айланган.

Бир нече автордук жомоктору жана аңгемелери өзбек тилине которулуп, Өзбек-стандын балдар басылмаларында жарыяланган.

Республикалык өспүрүм жаштарынын «Кырчын» жана бөбөктөрдүн «Байчечекей» журналдарынын, «Кыргыз тили» гезитинин редколлегияларынын мүчөсү.

9 монографиянын, 2 концепциянын, 2 мамлекеттик стандарттын, 11 окуу программаларынын, эне тилин жана адеп сабагын окутуу боюнча 3 методикалык көрсөтмөнүн, кыргыз жана орус мектептери үчүн 6 окуу хрестоматиясынын, 7 методикалык адабияттын, 18 кошумча окуу колдонмолорунун жана мугалимдер үчүн 11 методикалык жана кошумча адабияттардын, «Чыпалак бала» диафильминин автору. Ошондой эле «Кыргыз балдар адабиятынын антологиясынын» түзүүчүлөрдүн бири.

2000-жылы Тоголок Молдо атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

2002-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык кыргыз педагогика илиминдеги ийгиликтери жана «Алиппе» окуу комплекси үчүн кыргыздын тунгуч агартуучусу, алгачкы «Алиппенин» автору И.Арабаев атындагы сыйлыктын ээси болгон.

2002-жылы Эл аралык «Түгөлбай ата» коомунун «Манас атанын урпактары» ат-туу эстелик медалы, 2004-жылы «Көк Асаба» диплому менен сыйланган.

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги» төш белгисин алган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисин алган.

2008-жылы Москвада өткөн «Библиобраз-87» фестивалынын лауреаты болуп, 2008-жылы Москва шаарындагы Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиктигине шайланган.

1989-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылмайып турган таш: Кенже жаштагы бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор. – Б.: Эркин-Тоо, 1996, 2007. – 77 б.

Сыйкырдуу жазуу: Бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор – Кант, 1998, 2007. – 59 б.

Мендей менен Сендейдин жоруктары: Бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор. – Б.: УИАнын басмаканасы, 2000, 2007, 2009. – 62 б.

Баланын канаты: Бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор. – Б.: Плюс, 2001. – 71 б.

Бакыт издеген бала: Бөбөктөр үчүн чакан аңгемелер жана жомоктор. – Б.: Бийиктик, 2003. – 233 б.

Айжаз менен Бегулан: Романтикалуу аңгеме. – Б.: Архи, 2004, 2007. – 31 б.

Адам-пери: Бөбөктөр жана жеткинчектер үчүн жомоктор, романтикалуу жомок-аңгемелер, жомок-пьеса, жомок-повесть. – Б.: Бийиктик, 1999, 2006. – 212 б.

Бөбөктөргө гүлдесте: Чакан аңгемелер жана романтикалуу жомок-повесть. – Б.: Гүл-чынар, 2007. – 142 б.

Айбийке сулуу: Жомоктор. – Б.: Бийиктик, 2008. – 183 б.

Умай бала: Жомок-повесть. – Б: Бийиктик, 2008. – 43 б.

Таттуу үй: Балдар аңгемелери. – Б.: Ж.Бакиев фонду, 2009. – 200 б.


Окуу китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз мектептери үчүн

Алиппе: Окуу-усулдук комплекс. – Б.: Педагогика, 1998, 2000, 2001, 2002, 2003, 2004, 2005, 2007, 2008. – 160 б.

Алиппе: Окуу-усулдук комплекс, 2-бас. – Бишкек, Финляндия, «Сканрус», 1999. – 144 б.

Кыргыз тили: 2-кл. үчүн окуу китеби. – Б., 2000, 2002, 2005, 2008. – 192 б.

Кыргыз тили: 3-кл. үчүн окуу китеби. – Б.: Педагогика, 2003, 2005, – 168 б.

Адеп алиппеси. – Б.: Билим куту, 2005, 2007. – 128 б. (авторлош).

«Алиппе-интеллектуал» (комплекс) 1-кл. үчүн эксперименталдык окуу китеби. – Б.: Билим куту, 2007. (авторлош).

Кыргыз тили: 1-кл. үчүн. – Б.: Билим куту, 2007. (авторлош).

Дилачар: 1-кл. класстан тышкаркы окуу китеби. – Б.: Билим куту, 2007. (авторлош).

Тилачар: 1-кл. окуу жана сөз өстүрүү китеби. (авторлош).


Орус мектептери үчүн

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде сүйлөйбүз: 1-кл. (комплекс). – Б.: Мектеп, 1999. – 152 б.

Кыргыз тилинде сүйлөйбүз: 1-кл. – Б.: Архи, 2003. – 152 б.

Кыргыз тилинде сүйлөйбүз: 1-кл. – Б.: Билим куту, 2004, 2006. – 152 б.

Кыргыз тили: 2-кл. – Бишкек, Финляндия, «Сканрус», 1999. – 152 б. (авторлош)

Кыргыз тили: 2-кл. – Б.: Архи, 2002, 2003, 2004, 2006. – 152 б. (авторлош)

Кыргыз тили: 3-кл. – Бишкек, Финляндия, «Сканрус», 1999. – 168 б. (авторлош)

Кыргыз тили: 3-кл. – Б.: Архи, 2002, 2003, 2004, 2006. – 152 б. (авторлош)

Кыргыз тили: 4-кл. – Б.: Мектеп, 1992, 1994, 1998, 2000, 2002, 2003, 2004. – 176 б. (авторлош)


Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тили: 2-кл. – Ташкент, 2002, 2003. – 112 б.

Кыргыз тили: 3-кл. – Ташкент, 2003. – 112 б.

Алиппе: 1-кл. – Ташкент, 2003, 2007. – 112 б.

Алиппе: Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 1-класстары үчүн окуу китеби. – Ташкент: Өзбекстан, 2008. авторлош.

Эне тили жана окуу китеби: Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 1-класстары үчүн окуу китеби. – Ташкен: Өзбекстан, 2008. авторлош.

Эне тили: Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 2-класстары үчүн окуу китеби. – Ташкен: Өзбекстан, 2008. авторлош.

Эне тили жана окуу китеби: Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 3-класстары үчүн окуу китеби. – Ташкен: Өзбекстан, 2008. авторлош.


Бала бакчалар үчүн

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наристе-Алиппе: 5-6 жашар балдар үчүн. – Б., 2008.


Башка тилдерде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланын канаты. – Б.: Агахан фонду, 2006, 2008 – 6. – анг.

Периштенин кайтып келиши. – Гамбург, 2007. – 12 б. – нем.

Периштенин кайтып келиши: Эл аралык «Библиобраз-2007» к-те. – Ереван, 2007. – 12 б. – армян.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]