Мазмунга өтүү

Рыскулбеков Октябрь Турарбекович

Википедия дан

Рыскулбеков Октябрь Турарбекович (24. 10. 1967-ж. туулган, Нарын шаары) - суусамырлык алгачкы аскер кызматкери, полковник.

Москвадагы Жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1989), Казакстан Республикасындагы Улуттук коргоо университетин (2005) жана Россия Федерациясынын эл аралык гуманитардык укук боюнча аскер күчтөрү курсун бүтүргөн (2008). Эмгек жолун 1989-ж. Түркстан аскер округунда мотоаткычтар взводунда командир болуп баштаган.

1991-93-жылдары Пржевальск аскер комиссариатынын комиссарынын жардамчысы, кийинчерээк комиссары, 1993-94-жылдары Балыкчы шаардык аскер комиссариатында комиссардын орун басары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коргоо жана кызмат көрсөтүү боюнча өзүнчө ротанын командири, 1994-98-жылдары № 20636 аскер бөлүгүндө оперативдик бөлүмдүн башчысынын жардамчысы, Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо боюнча штабынын батальонунда начальник болуп эмгектенген.

Тажик - Оган чек арасын күчтөө боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) коллективдүү тынчтыкты сактоо күчүнүн курамында согуштук (боевой) тапшырма аткарган.

Ал 1999-2001-жылдары Коргоо министрлигинде аскер даярдыктары башкармалыгында улук офицер кызматын өтөгөн. Ошол эле жылдары Республиканын түштүгүндө локализациялык банк түзүү боюнча аскер иштерине катышкан. 2001-03-жылдары Коргоо министрлигинде аскер даярдыктарын пландаштыруу бөлүмүндө начальник, 2003-05-жылдары Казакстандын коргонуу боюнча университетинин угуучусу.

2005-жылдан Коргоо министрлигинде аскер даярдыктары башкармалыгынын окуу-методикалык бөлүмүнүн начальниги. Аскер кызматын өтөө менен катар аскер иштерине керектүү «Учебное пособие по обучению военнослужащих к боевым действиям в горах незаконные вооруженные формирования и способы борьбы с ними», «Учебник по подготовке сержантов» ж. б. окуу куралдарын жазган.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Жаныш уруусунан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9